Ош облусунда жер титирөө катталып, силкинүү 3 жарым баллга жетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жер титирөө бүгүн, 25-июнда таңкы саат 5:22де катталды.
Жер титирөө Алай районунун Сары-Таш, Арча-Булак, Сары-Могол, Ак-Босого, Талды-Суу айылдарында 3 балл, ал эми Кожо-Келең айылында 2 баллга чейин сезилген.
Бактыга жараша, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.