Баткен облусунун Кадамжай районунун Кайтпас айылында коңшу өлкө менен байланышты камсыздаган тоннель аныкталды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жер алдындагы өтмөк 24-июнда табылды.
"Тоннель Өзбекстан менен чектешкен мамлекеттик чек ара сызыгынын астынан өтөт. Болжолдуу түрдө бул тоннель контрабандалык эл керектөөчү товарларды, курал-жарактарды, ок-дарыларды, мыйзамсыз миграцияны, накталай акчаларды жана баңгизаттарды ташуу үчүн колдонулган.
Ал эми үйдүн ээси Ош облусунда туулган У.С.И. экени аныкталды. Жер алдындагы жолдун туурасы 1,5 метр, бийиктиги 2,1 метр, кыргыз-өзбек чек арасына чейинки узундугу 60 метрди түзөт.
Азыркы учурда бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - дешет маалымат кызматынан.