Ижарага алган видео каражаттарды күрөөканага өткөрүп жиберген жаран аныкталды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип 38 жаштагы киши колго түшүрүлдү. Ал жабырлануучуга жалпы 200 миң сом зыян келтирген дешет Ленин РИИБдин маалымат кызматынан.

Билдирүүгө ылайык, 18-июнда шаар тургуну арыз менен милицияга кайрылган. Ал чала таанышы Sony Hexham жана Panasonic видеокамераларын (сумкалары менен), 2 микрофонун, 2 флеш картасын ижарага алганын, андан кийин каражаттарды күрөөканага өткөрүп, изин жашырып кеткенин айткан. Жабырлануучу жалпы 200 миң сом материалдык чыгымга учураганын белгилеген.

Аталган факты 209-берене (алдамчылык) менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө амалдары башталган.
18-июнда ыкчам тергөө иштеринин алкагында шектүү катары 1984-жылы туулган С.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда анын мындан башка дагы кылмыштарга катыштыгын аныктоо боюнча иштер аткарылууда.
Эгерде сүрөттөгү жарандын торуна түшүп, зыянга учурагандар болсо кабарлап коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 0(312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0(555) 102-149, 0(502) 149-149, 0 (700) 717-515, 0 (703) 905-295 же 102.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан