
Бишкекте уурулукка жана тоноочулукка шектүү колго түшүрүлдү. Анын үстүнөн бир эле күндө эки арыз түшкөн дешет Октябрь РИИБдин маалымат кызматынан.
Белгилүү болгондой, 22-июнда эки жаран арыз менен кайрылган.
Шаар тургуну У.А`нын милицияга жазган арызында эртең менен саат 07:50 - 08:50 чамасында Медеров көчөсүндөгү мейманканалардын биринде белгисиз адам телефонун ачык эле тартып алганы айтылган.
Экинчи арызда Д.У. аттуу жаран "Ош базарынын" аймагында таңкы саат 05:30да телефонун белгисиз адамдар уурдап кеткенин белгилеген.
Бул фактылар "тоноо" жана "уурдоо" беренелери менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1998-жылы туулган Б.М. кармалды. Октябрь райондук соту тарабынан ага карата СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.
Милициядан шектүүнүн мындан башка дагы кылмыштарга катыштыгы болушу мүмкүндүгүн, жабыр тарткандар болсо кабар берип коюусун билдиришти.
Байланыш номери: 0(505) 85-64-20, 102.