Ошто 6 адамдын өмүрүн алган кырсык. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу камакка алынды

Ошто 6 адамдын өмүрүн алган кырсыкка себеп болгон оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу камакка алынды. Аталган кырсык Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 312-берененин 3-бөлүгүнүн негизинде катталып, кылмыш иши козголду дешет Ош ОИИБдин маалымат кызматынан.

Кырсык 24-июнь күнү эртең менен саат 08:30 чамасында Кара-Суу районунун Жаңы-Кыштак айылында катталган. Анда 25 жаштагы Т. уулу Б. Хово үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны башкарып бара жатканда жолдон (курулуш материалдарын сатуучу дүкөндүн тушуна келгенде) жүргүнчү ташыган кичи автобус чыга калган. Бул учурда ал унааны оң тарапка алып качып, рулду башкара албай оң капталы менен оодарылып кеткен. Анын кесепетинен жүк ташуучу унаадагы болжол менен 28 тонна көмүр төгүлүп, жолдун четинде турган адамдарды басып калган.

Кырсыктан каза болгондор:

- 29 жаштагы А.У.Р., анын 3 жаштагы кызы жана 1 жашар уулу;
- 24 жаштагы Н.О.Ж. (кош бойлуу болгон), анын 10 жана 11 жаштагы кыздары.

"Каза болгон жарандардын жансыз денелерине медициналык кароо жүргүзүлүп, Хово үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Т. уулу Б. Ош облустук наркологиялык борборунан күбөлөндүрүүдөн өткөрүлүп, соо абалда болгондугу тастыкталды. Айдоочу окуя тууралуу суралып, жанында жүргүнчү катары бара жаткан 20 жаштагы Т. уулу А. да суралды. Кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат", - дешти мекемеден.

Белгилей кетсек, Ош шаарында жолдо бара жаткан оор жүк ташуучу унаа оодарылып кетип, жол жээгиндеги 6 адамды басып калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан