25-июнь күнү “Чоң-Капка-автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек арачылары тарабынан өлкөдөн мыйзамсыз жүк алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көзөмөл-өткөрмө пунктуна 1984-жылы туулган Казакстандын жараны А.К`нын башкаруусу менен КамАЗ келген.
Ал унаада жер семирткичтер (нитрат) бар экенин айтып, чек арачыга коштоочу документтерди көрсөткөн. Автоунааны кароо учурунда чек арачылар селитра куюлган эки катар каптын артына катылган 30 тоннадай кумшекерди табышкан.
Айдоочу жалган документ аркылуу жүктү Кыргызстандан Казакстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин айдоочу жана жүк кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.