ХХ кылымдын Гомери аталган, улуу манасы Саякбай Каралаевдин эстелиги Мажарстанда тургузулат. Бул туурасында "ТҮРКСОЙ" уюмунун башкы катчысы Султан Раев тарабынан белгилүү болду.
Айтымында, бул макулдашуу Мажарстанга иш сапар менен барганда жетишилди.
"Иш сапардын алкагында Мажар парламентинин төрагасынын орун басары Шандор Лежак менен жолугуп, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун ортосундагы маданий кызматташуу маселелерин талкууладык. Ошондой эле Лежак мырзага Саякбай Каралаевдин эстелигин тургузуу идеясын айттым. Залкар манасчы жөнүндөгү оюбуз шыр колдоого алынып, буюрса Улуу гунндар менен Аттиланын мекенинде, касиеттүү Дунай аймагында - ХХ кылым Гомери Саякбай Каралаевдин эстелиги тургузулат", - дейт Раев.