ИИМдин түштүк
аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын
кызматкерлери 2010-жылы Камчы Көлбаевдин криминалдык тобунун мүчөлөрү тарабынан
жасалган кылмыш ишинин бетин ачышты.
Маалыматка
караганда, 2012-жылдын 18-майында Ош шаарынын тургуну К.Т. 17-майдан 18-майга
караган түнү анын уулу Б.З.ны Ош шаарындагы кафелердин биринен белгисиз
адамдар сабап кетишкенин айтып, милицияга кайрылган. Ал эми Б.З. алган катуу жаракаттардан
улам ооруканага жатууга мажбур болгон.
Бул окуяга байланыштуу
КРнын Кылмыш-жаза кодексине ылайык 234-берене (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин
жүрүшүндө шектелген адамдар табылбагандыктан, 2010-жылдын 28-июлунда кылмыш ишин
иликтөө убактылуу токтотулган.
Жаңы маалыматтарга
ылайык, кылмыш ишин териштирүү кайрадан жандантылып, натыйжада ИИМдин түштүк
аймагы боюнча УККББ кызматкерлери бул окуяга шектүү катары Камчы
Көлбаевдин кылмыштуу тобуна тиешелүү делген Эрнисбек Казаков, Алмаз Эрмекбаев,
Талабедин Бабаханов аттуу адамдарды кармашты. Аталган адамдардын 17-май күнү Ош
шаарындагы кафелердин биринде криминалдык топтордун жыйынына катышкандыгы жана
ал жерде кокустан пайда болуп калган Б.Зны себепсиз сабап салгандыгы белгилүү
болгон. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери жүрүүдө.