Сагын Ниязалиева: "Гүлбү көз жумгандан кийин башымды көтөрө албай калдым"

Элибиз сүйүп көргөн долбоорлордун режиссёру Сагын Ниязалиева SUPER.KG порталына алгачкы маегин берди. Ал теле жаатында 30 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жатканын айтып, жеке жашоосу тууралуу маек куруп берди.

"Гүлбү Орозкул кызынан айрылган учурда башымды көтөрө албай калдым. Эл айтпаганды айтты. "Сен кара жолтойсуң, сенин долбооруң кара жолтой", - деген сөздөрдү уктум. Бирок бул сөздөргө маани берип отурууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Гүлбүнүн жетилигине чейин ыйлап турдум. Андан соң "Сармерден" долбоору дароо ишин токтотту.

Жетекчилик абалды түшүнгөндүктөн кыйнаган жок. Бирок эл күтүп жаткандан кийин долбоорду кайра улантууга туура келди. Кастинг жарыялап, анын жыйынтыгы менен Анара Шаимкулованы тандап алдык. Кудайга шүгүр, учурда жакшы иштеп жатат", - деди ал маектин жүрүшүндө. Видеону толугу менен SUPER.KG ютуб каналынан көрүңүздөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан