Бүгүн "Дордой" АФК Кубогунун алкагында түркмөнстандык "Копетдаг" клубу менен беттешет

Бүгүн, 27-июнда "Дордой" клубу АФК Кубогунун тайпалык баскычында түрмөнстандык "Копетдаг" клубуна каршы ойнойт. Беттеш Бишкек шаарында жайгашкан Дөлөн Өмүрзаков атындагы "Спартак" стадионунда өтөт.

"Дордой", "Копетдаг" жана тажикстандык "Худжанд" клубдары ат салышкан "F" тайпасынын оюндары Бишкек шаарында өтүүдө. 24-июнда болуп өткөн алгачкы беттеште "Копетдаг" менен "Худжанд" кез келип, тажикстандык команда 3:1 эсебинде жеңишке жетишкен.

Бүгүн мындан тышкары Тажикстанда өтүп жаткан "Е" тайпасындагы оюндардын алкагында "Нефтчи" клубу дагы бир түркмөнстандык "Алтын-Асыр" клубу менен беттешет. "Нефтчи" буга чейинки алгачкы оюнда өзбекстандык "Согдиана" клубуна 2:0 эсебинде утулуп калган.

Белгилей кетсек, АФК Кубогу - Азия чөлкөмүндөгү беделдүүлүгү жагынан экинчи орундагы клубдар аралык ири турнир. Мелдештин учурдагы чемпиону бахрейндик "Мухаррак" клубу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан