Мирзат Муканов жана Айзуура Иманалиева: "Эл биз аткарып чыккан ырды жакшы кабыл алды"

Белгилүү теле алып баруучулар Мирзат Муканов менен Айзуура Иманалиева SUPER.KG ютуб каналына маек беришти. Алар маркум Гүлбү Орозкул кызынын "Ортомчу бизге Ысык-Көл" аттуу ырын кавер кылып аткарып чыгышкан. Теле жылдыздары маектин алкагында кызыктуу жаңылыктары менен бөлүшүштү.

"Мен алгач ырдоону Мирзатка сунуштадым. Анткени мукам үнү бар. Башында көнбөй жүрдү. Аягында экөөбүз дуэт кылып аткарып чыктык. Негизи өзүбүз үчүн эле ырды жаздырдык. Телеканал, радиолорго берген жокпуз. Видеону кесиптешибиздин сунушу менен Ысык-Көлдөн тарттык. Эртең менен чыгып, кечинде келип калдык. Камера алдында иштегендиктен тартуу иштеринде кыйынчылыктар жаралган жок. Ыр элге жакты. Жакшы сөздөрүн айтып жатышат", - деди Айзуура Иманалиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан