Москвада мекендештерин сойкулукка мажбурлаган кыргызстандык аял кармалды

Москванын Чыгыш административдик округунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн текшерүүнүн натыйжасында сойкукананы табышкан. Бул тууралуу орусиялык ММКлары жарыялашты. 
Аталган мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Татьяна Петрованын айтымында, сойкукананын ээси 46 жаштагы кыргызстандык айым. Ал мыйзамсыз ишкердигин жүргүзүү үчүн батирди ижарага алган. Ал 3 мекендешинин паспортторун алып, интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлаган. 
Жогорудагы факты боюнча Орусия федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренесине (сойкулукка мажбурлоо) ылайык кылмыш иши козголуп, шектүү аял камакка алынган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
belosnejka1
2013-12-02 13:42:58
Ушундай айымдарды жек кором да.
0
aziz1990
2013-12-02 13:52:01
Аты ким кайжактан толук маалымат жазгылачы
0
tynara81
2013-12-02 18:00:23
aziz1990, ал шектуу да, азырынча. Оппозициянын бироосунун жакын тууганы болсо аты аталмак.
0
anara-anara
2013-12-02 13:52:18
Баары аз болуп Москвада ушул эле калды эле.Канчалаган мигранттар аран иштеп журушкондо да бир балээ пайда болду.
0
bek-rusu
2013-12-02 14:07:29
Ушул эле жетишпей жатты эле
0
Aidai2010
2013-12-02 14:13:12
Бир кумалак карын майды чиритет дегендей, канча деген байкуш мигранттардын абийирин тогуп жатат мындайлар, ушундай адамдар учун депортациялап жатат окендер. Абийирсиз акмак адамдар.
0
Almabek
2013-12-02 15:40:34
Тооба кылдым, мен тааныган 5-6 жигит бар, жердештер, иштебейт же уйлоруно кете беришпейт, тийип качып корунгон жерде иштешет да журушот, ошолорду неге ФМС же полиция корбойт дейм да, анан эле жакшынакай иштеп аткан жердештерибиз депортация болуп атышат. Интернеттен коруп калчуу элем казак же озбек сутенерлорду, кыргыздар жок экен кудага шугур деп кубанчуумун, карабйсынбы эми шермендени, кыргыздын атына так тушуруп атканын.
+6
nurali1989
2013-12-02 16:09:58
Айбанчылык го, Кыздар туугандарына барышса болбойбу...
0
Ernestik
2013-12-02 20:49:51
Тиги сойку кыздарда куноо бар. Себеби,мажбурлап иштетсе,эмне учун ички иштер органдарына кайрылып,арыз жазышпайт? Булар просто уюушулган топтор. Андай топтор биз тарапта да толтура. Саатына 2000р дешет,уялбай. Кыкенбайдын кыздары.
+1
nurikkg1
2013-12-04 05:07:08
Ernestik, сен москвадасынбы
0
chinko
2013-12-02 21:03:29
Кыргызстандын жараандыгын сатып алган бир неме болсо керек
0
algajawoo
2013-12-02 23:03:26
Мындай адамды элди алдына алып чыгып дарга асыш керек пусть все видит
+1
uluubek
2013-12-03 11:23:51
Аллах журокторуно бекем ыйман бере кор кыргыз элиме.динден тушунугу жок адамдар барышат мындай жаман жолго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан