Ысык-Көлдө унаасы жарга асылып калган испаниялык жубайларга жардам берилди

Ысык-Көлдө жарга асылып калган испаниялык эс алуучулардын унаасын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери чыгарып беришти. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ак-Суу районундагы Шахта-Жыргалаң айылында чет элдик эки жаран куткаруу кызматына муктаж экендигин айтып, мейманканалардын бирине кайрылган. Окуя катталган жерге 8 куткаруучу тартылып, жар боюна туруп калган унааны чыгарып беришкен. Ошондой эле жубайларга да жардам көрсөтүлгөн. ӨКМдан кырсыктан эч ким жабыркабаганын белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан