Чүй облусундагы Ала-Арча суу сактагычына бир күн мурда түшүп кеткен
жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашат.
Маалым болгондой, 26-июнда Бишкек шаарынын Аламүдүн районуна караштуу Калыс-Ордо конушунда Ала-Арча суу сактагычына 19 жаштагы М. уулу Б. аттуу жигит түшүп кеткен.
Бүгүн, 27-июнда жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 10:05те 6 суучул-куткаруучу тартылды.
Издөөнүн натыйжасында сууга чөгүп кеткен жарандын сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлдү.