Эркин күрөш боюнча улуттук курама команда (U-23) Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунда 8 медаль жеңди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентиктин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эркин күрөш боюнча беттештер 25-26-июнь күндөрү болуп өттү. Анда кыргыз балбандары 8 медалга ээ болуп, жалпы командалык эсепте 2-орунду ээледи. Ал эми 1-орунду Казакстандан келген курама команда багындырса, 3-орунга Индиянын спортчулары жайгашты.
Байгеге ээ болгон кыргызстандык балбандар:
1-орун - Орозбек Токтомамбетов (70 килограмм)
1-орун - Мухаммад Абдуллаев (79 килограмм)
1-орун - Тайырбек Жумашбек уулу (61 килограмм)
2-орун - Бекзат Алмаз уулу (60 килограмм)
2-орун - Нуртилек Карыпбаев (86 килограмм)
3-орун - Икромжон Хажимуратов (65 килограмм)
3-орун - Каныбек Абдулхаиров (97 килограмм)
3-орун - Алинур Такиров (74 килограмм)
Белгилей кетсек, спорттук күрөш боюнча (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү) 17 жана 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпиондугу 19-26-июнь күндөрү Бишкек шаарында болуп өттү.