28-29-июнь күндөрү Нарын облусунда эл аралык "Кыргыз шырдагы - XII" фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
"Фестивалдын максаты - улуттук буюмдардын сап башында турган шырдакты даңазалоо, жайылтуу жана сатууну жогорку деңгээлде уюштуруу болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.
Иш-чаранын күн тартиби төмөнкүдөй:
28-июнь:
- 8:30 - Башталышы.
- 10:30 - Фестивалга катышкан кол өнөрчүлөрдүн парады.
- 14:00 - Нарын облусундагы кол өнөрчүлөрдүн шырдак жасоодогу жана башка кол өнөрчүлүккө байланышкан чеберчиликтери менен таанышуу. Жаш уздарды тааныштыруу.
- 15:00 - "Кыргыз шырдагы - XII" фестивалынын алкагында өтүүчү илимий конференция.
29-июнь:
- 10:30-13:30 - Фестивалдын алкагында өтүүчү шырдак жасоо боюнча мастер-класстардын сынагы.
- 18:00 - "Алма бак" сейил багында фестивалды жыйынтыктоо, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшыруу, иш-чаранын расмий түрдө жабылышы.