Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча бул жылы 57 окуучу өлкөнүн эң мыкты бүтүрүүчүсү аталды. SUPER.KG порталы "Алтын сертификатка" ээ болгон Айсулуу Шарипова менен маек курду.
Айсулуу Шарипова Ош облусунун Жоро Алимов орто мектебинин окуучусу. Жалпы республикалык тестирлөөдөн 223 балл алып, мыкты окуучулардын катарын толуктап турган чагы.
- Салам Айсулуу, алгач эле ийгилигиң менен куттуктайбыз! Өзүң тууралуу айтып берсең?
- Мен 2004-жылы Ош облусуна караштуу Алай районунун Кең-Жылга айылында туулгам. Үй-бүлөдө 7 бир тууганбыз, экинчиси болом. Мектепте жалаң "5" деген баага окугам. 5-класстан тарта математика сабагынан олимпиадага катышып жүргөнүм үчүн тестирлөөгө даярдык оңой эле болду. 10-класстан баштап эле сынамык (пробный) тесттерди иштеп, ЖРТга арналган китептерди окуп даярдана баштагам. Ал эми үзгүлтүксүз даярдыкты январь айынан тарта атайын окуу борборлоруна баруу менен баштагам.
- Мындай кубанычтуу кабарды кимден уктуң?
- Бул кубанычтуу кабарды мектеп директорунан уктум. Аябай толкундоолор болуп, кубанып жатабыз.
- “Алтын сертификаттын” ээси болом деп ойлодуң беле?
- "Алтын сертификаттын" ээси болом дегенге ниет жана ишеним бар болчу. Буга чейин сынамык тесттерден 230 баллга чейин алчумун. Мындан улам өзүмө болгон ишенич пайда болуп, тестирлөөдө кыйынчылыктар болгон жок.
Келечекке койгон максатым өз кесибимдин мыкты адиси болуп, ата-энемдин үмүтүн актасам дейм. Ата-энеме, бир туугандарыма жана мугалимдер жамаатына ыраазычылык билдирем!
Айсулуунун келечекте IT адиси болсом деген изги тилектери бар. Ал Эл аралык "Ала-Тоо" университетине тапшырууну көздөп жатканын кошумчалады.