реклама
super.kg logo
Кино
  Спорт  

АФК Кубогу: "Дордой" алгачкы оюнда түркмөнстандык "Копетдаг" клубуна жеңилип калды

 

"Дордой" клубу АФК Кубогунун тайпалык баскычындагы алгачкы беттешинде түркмөнстандык "Копетдаг" клубуна жеңилип калды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу маалымдады.

"F" тайпасындагы эки команданын оюну кечээ, 27-июнда Бишкекте жайгашкан Дөлөн Өмүрзаков атындагы "Спартак" стадионунда болуп өттү. Беттеш 0:1 эсебинде түркмөнстандык команданын жеңиши менен аяктады. Оюндагы жалгыз голду 45-мүнөттө Батыргылыч Бердиев киргизди.

"Дордой" эми 30-июнь күнү Тажикстандын "Худжанд" клубуна каршы оюн өткөрөт. "Худжанд" алгачкы беттешинде "Копетдаг" менен кез келип, 3:1 эсебинде жеңишти камсыздаган.

Кечээ ошондой эле Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан "Е" тайпасындагы оюндардын алкагында кыргызстандык "Нефтчи" клубу дагы бир түркмөнстандык команда "Алтын-Асыр" менен беттеш өткөрүп, 1:0 эсебинде жеңишти алдырып жиберди. Муну менен алар тайпалык баскычтагы оюндарын жыйынтыктады. Нурбек Жолдошов башкы машыктыруучулук кылган "Нефтчи" клубу алгачкы айлампада өзбекстандык "Согдиана" клубуна 2:0 эсебинде утулуп калган.

Белгилей кетсек, АФК Кубогу Азия футболунда беделдүүлүгү жагынан экинчи орунда турган клубдар аралык ири турнир. Мелдештин тайпалык баскычында 32 команда 8 тайпага бөлүнүп оюн көрсөтөт. Ар бир тайпадан эң мыкты эки команда суурулуп чыгып, плей-офф баскычына жолдомо алат.




aksia550_3


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
28.06.2022. 10:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
183
Катталган:
11-09-2016
Соӊку аракети:
08-08-2022 17:25
Жынысы:
Белгисиз
0
нефтичи да дордой да группадан чыга алышпайт окшойт
28.06.2022. 10:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1601
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
18-08-2022 21:35
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз элин уят кылбагыла болбосо уткула.
29.06.2022. 11:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
31-10-2020
Соӊку аракети:
14-07-2022 11:33
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дордойго эбегейсиз акча коротот.Бирок натыйжа жок.Эгер Алай клубуна ушунча акча бөлсө көп ийгилик жаратмак.Экинчиден Кыргызстанда болгон оюндарда Дордой клубуна калыстар көп жан тартып,башка мыкты командаларды алыстатып коет.Ошентип мыкты командалар өлкөбүздөн чыга албай калат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
194659;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: