"400дөн ашуун презерватив табылган". Жалал-Абадда сойкулук менен алектенгенге шектүү жарандар кармалды

Жалал-Абад шаарында сойкулук менен алектенгендер аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын аймагында Т. аттуу жаран сойкулук менен алектенүү же сутенёрдук кылуу менен көмүскө жайларды уюштуруп жүргөндүгү боюнча милицияга кабар келген. Аталган маалымат Жалал-Абад ОИИБинин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинин (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чаралардын натыйжасында Жалал-Абад шаарынын Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан “Корона” эс алуу жайы мыйзамсыз сойкулук менен алектенүү же болбосо ыплас аракеттерге көмөктөшүү, ошондой эле сутенёрдук кылуу үчүн көмүскө жай экендиги аныкталып байкоого алынган.

Эс алуу борборуна тинтүү уюштурулуп, аталган даректе 7 аял киши (алардын 5сү Кыргызстандын, 2сү Өзбек Республикасынын жарандары) сойкулук менен алектенип кардарларды тейлеп жаткандыгы аныкталган.

Ошондой эле калыстардын катышуусунда көмүскө жайдан кардарлардан алынган акчалар жана 400 даанадан ашуун презерватив далил буюм катары алынган. Аталган эс алуу борборун иштеткен жаран Сузак районунун Сузак айылынын 29 жаштагы тургуну К.Т. экендиги такталган.

Учурда аталган кылмыш ишин соттун кароосуна жиберүү максатында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан