Ош облусунун Чоң-Алай районунун Сары-Могол айылында 3 жашар наристени тууганы сабап салганы тууралуу жазылган. Бүгүн, 28-июнда Ош ОИИБинин маалымат кызматы аталган окуянын чоо-жайын иликтеп маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, 27-июнь күнү саат 09:00 чамасында телефон аркылуу Алай райондук ооруканага Сары-Могол айылынан жашы жете элек өспүрүм өз денесинен жаракат алып түшкөнү айтылган. Аталган билдирүү РИИБде каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
"Чоӊ-Алай районунун Кашка-Суу айылынын 40 жаштагы тургуну И.Н. менен 33 жаштагы аялы Р.А. эки жылга жакын убакыттан бери Алай районунун Сары-Могол айылына көчүп келип ар кимдин үйүндө убактылуу жашап жүрүшкөн. Ушул эле жылдын 6-март күнү баланын апасы 22 жаштагы сиңдисине 3 жаштагы уулун убактылуу жай мезгилине чейин карап туруусун айтып, баланы таштап андан кийин байланышка чыккан эмес. Келиндин сиңдиси баланы карап жүрүп, 24-июнь күнү балага зордук-зомбулук көрсөтүп, денесинин ар кайсы жерине жаракаттарды келтирген. Бирок жолдошу экөө баланы ооруканага көрсөтпөй үйүндө карап жүрүшкөн.
Азыркы учурда жашап жаткан үйгө бир апта мурда көчүп келишкен. Балага карата зомбулуктарды кошуналары байкап, алар социалдык кызматкерлерге кайрылышкан. Кызматкерлер айтылган дарекке барган учурда 3 жашар баланын колу-буту көгөрүп, башы жарылган жана сыйрылган жаракаттарды көрүшкөн. Аны ошол жерден ооруканага кызматкерлер алып барган.
Учурда баланын ата-энесин жана анын аты-жөнүн аныктоочу документтери бар же жок экендигин аныктоо иштери жүрүүдө. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы менен наристеге зомбулук көрсөткөн жарандарга карата юридикалык баа берилет. Бүгүнкү күндө бала Алай райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин карамагына алынган. Текшерүү иштерди Алай РИИБинин тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.