Улуттук "Манас Ордо" комплексинин кызматкерлери мамлекетке 20 миллион сомдон ашык зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ички аудиттик текшерүүсүнүн жыйынтыгында Улуттук “Манас Ордо” комплексинде олуттуу каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. Аудиттик текшерүүдө 2020-2021-жылдары республикалык бюджеттен, ошондой эле атайын эсептен комплекстин кызматкерлерине материалдык жардам, үстөк акы, эмгек өргүү акысы, эмгек стажысы жана кызматкерлердин ден соолугуна келтирилген залал үчүн акча каражаты ашыкча төлөнүп берилгендиги белгилүү болгон.