"Тестирлөөгө даярдыкты акыркы 4 айда баштадым". ЖРТдан өлкө боюнча эң жогорку балл алган Эрлан Көлбаев менен маек

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары чыгып, мектеп бүтүрүүчүлөрү катуу толкунданып турган учур. Бул жылы өлкөдөгү тест тапшырган окуучулардын эң алдынкы сабына 235 балл менен Эрлан Көлбаев чыкты. "Алтын сертификат" алуу үчүн акыркы 4 айда тынбай окудум" деген Эрлан менен SUPER.KG порталы маек курду.

- Эрлан саламатсызбы, ийгилигиңиз менен куттуктайбыз! Алгач эле өзүңүз тууралуу маалыматтарга орун берсек.

- Чоң рахмат! Аты-жөнүм Эрлан Көлбаев, кадимки кызматкердин үй-бүлөсүндө туулгам. Төрт бир тууганмын. Бишкек шаарындагы №70 гимназия мектебинин бүтүрүүчүсүмүн. Улуу байкем да дал ушул мектепте окуп, 2019-жылы Алтын сертификат алган.

- "Алтын сертификатка" ээ болгонуңузду укканда кандай сезимде болдуңуз?

- Досторум, ата-энем абдан кубанышты. Баяна Кадырова деген дос кызым менин жогорку балл аларыма абдан ишенген, буга чейин да айтып жүргөн. Мындай кубанычтуу кабарды досторумдан угуп, аябай сүйүндүм. Менин ийгилигиме №70 гимназия мектебинин салымы чоң. Биринчиден, мектеп директору Чолпон Жунушевага, экинчиден мектептин администрациясына, мугалимдик жамаатка ыраазычылык билдирем. Мени колдогон ата-энеме, досторума ыраазымын.

- "Алтын сертификат" алуу оңой болбосо керек. Тестирлөөгө кантип даярдандыңыз?

- "Алтын сертификатты" алуу оңойго турган жок, көп эмгекти талап кылды. Мектептен алган билимим да чоң жардам берди. Ошондой эле досторум менен биргеликте даярданып, түшүнбөгөн суроолорумду мугалимдерден сурап жаттым. ЖРТга негизинен 4 ай даярдандым. Тестке даярданууда математика, аналогия жана орус тилине өзгөчө басым жасадым. Андыктан суроолорго ишенимдүү эле жооп бере алдым деп ойлойм.

- Буга чейинки ийгиликтериңиз тууралуу айта кетсеңиз?

- Химия сабагынан олимпиадаларга барып, байгелүү орундарды алып келген учурларым болгон. Ал эми мектепте "4", "5" деген бааларга окудум.

- Келечекте кайсы кесипти аркалайын деп турасыз жана кайсы университетке тапшырууну пландап жатасыз?

- Келечекте экономика тармагында эмгектенгим келет. Бирок азырынча университетти тандай элекмин, караштырып жатам. Чет өлкөлүк университеттерди деле караганым жок, Кыргызстанда эле калсам дейм. Бардык жогорку окуу жайлардын эшиги ачык деген ойдомун.

- Кийинки жылкы бүтүрүүчүлөргө ЖРТга даярданууга кандай кеңештерди бересиз?

- Мугалимдердин кеңешин угуу керек. ЖРТга даярданууда мектепте өтүлгөн бардык темаларды кайталап, тексттерди көп окуп, логиканы өнүктүрүү керек. Мектептин базасын жакшы алсаң, сага көп эле жардамы тиет. Андыктан мектепте жакшы окугула деп айтат элем.

- Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Келечегиңиз кең болсун.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан