Чүй облусунун Сокулук айылында турак үй күйүп, бир өспүрүм каза болсо, дагы бир улгайган адам жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрт бүгүн, 28-июнда чыкты.
Өрттү өчүрүүгө саат 11:31де 2 бөлүм тартылып, толук өчүрүлдү. Жеринде иш алып барган куткаруучулар издөө учурунда 71 жаштагы И.Н. аттуу жаранды түтүнгө ууланган абалда табышты. Анын абалы туруктуу, учурда кардиология бөлүмүндө жатат.
Ошол эле өрт чыккан үйдөн 2006-жылы туулган К.А. аттуу жаран түтүнгө ууланып каза болду. Анын сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлдү.