Бишкекте таанышынын 270 миң сомдук унаасын алып качып жүргөн жаран кармалды

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Б.А. аттуу жаран 2020-жылдын 1-мартында арыз менен кайрылган. Анда ал 2019-жылдын 17-ноябрында Бишкектеги Жал кичи районунда С. аттуу жаран алдамчылык жолу менен ишенимге кирип, убактылуу пайдалануу шылтоосу менен 270 миң сомдук Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын ээлеп алып, андан соң унааны досуна күрөөгө коюп, белгисиз тарапка из жашырып кеткен адамга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

18-июнда кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1992-жылы туулган Т.С. аттуу жаран кармалган.

Эгерде сүрөттөгү жарандан жабыр тарткандар болсо, кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 0(312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0(555) 102-149, 0(502) 149-149, 0(508) 384-242 же 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан