Кыргызиндустрия Кыргыз Республикасынын бажылык тариздөө системасын модернизациялоо үчүн AVC Global менен кызматташат

Кыргызиндустрия Кыргыз Республикасынын бажылык тариздөө системасын модернизациялоо үчүн AVC Global менен кызматташат. Кыргызиндустрия ачык акционердик коому мамлекеттин кызыкчылыгын коргойт. Бул өз кезегинде эл аралык корпорациялар менен инвестицияларды тартуу үчүн ыкчам жана өз алдынча иш-чараларды уюштурууга мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле ишкерлик жүргүзүүдө башкаруу, инвестиция тартуу, чыгымдарды азайтуу сыяктуу маселелерди ыкчам чечүү милдети жүктөлгөн. Кыргызиндустрия жана AVC Global Inc компаниясы тарабынан түзүлгөн Kyrgyz SmartHub акционердик коому Кыргызстандын бажылык тариздөө системасын модернизациялоого багытталган.

Бул салык чогултууну көбөйтүп, жумуш орундарын түзүү менен биргеликте экономиканын өсүшүнө түздөн-түз таасир этет. Муну менен Кыргыз Республикасында продукцияны экспорттоо жана импорттоодо толук ачык-айкындуулукту камсыз кылат.

Блокчейн технологиясын колдонуу өлкөдөн транзит аркылуу өткөн контрафактык товарларды жана продукциялардын өтүүсүн алдын алат. Мындан тышкары бажылык тариздөөнү эффективдүү кылып бардык салыктарды чогултууну жөнөкөйлөштүрөт.

Кыргызиндустриянын директору Жарасул Абдураимов: «Биз AVC менен болгон кызматташууга абдан кубанычтабыз. Себеби Kyrgyz SmartHub AVC Global Inc системасын колдонуу менен GS1 көзөмөлдөөнүн улуттук платформасы болуп калды. Анда блокчейн технологиясынын жардамы менен Кыргызстандын керектөөчүлөрү жана биздин экспорттоо боюнча өнөктөштөрүбүз продукцияларын коопсуз өткөрө алышат», - деп белгиледи.

Ал эми AVC 'тин кош негиздөөчүсү жана директорлор кеңешинин төрагасы Лео Джакометто: «Блокчейн технологиясы товарларды региондорго кынтыксыз жеткирип берүүдө болуп көрбөгөндөй жаңылык жасайт. Биз KyrgyzSmartHub'ды түзүүдө КыргызРеспубликасынынөкмөтү жана Кыргызстандын өнөр жай тармагы менен кызматташып жатканыбызга кубанычтабыз жана сыймыктанабыз. Биз бул мүмкүнчүлүк үчүн президент Жапаровго жана директор Абдураимовго ыраазычылык билдиребиз», - дейт.

AVС платформасы өзүнө Hedera Hashgraph, Hyperledger Fabric, rfxcel жана Amazon AWS'ти камтыйт жана республикага дүйнөдөгү алдынкы технологиялык компанияларды тартат. Ошондой бул платформа Кыргызстандан продукция сатып алууну каалаган чет элдик кардарларга да ишкерлик кылууга мүмкүнчүлүк түзүп берет. Бул өз кезегинде экономикага зор салым кошот. Бул багыт Евразия Бажы биримдигиндеги баштапкы чекит, жана Кыргыз Республикасы санариптик трансформацияга багыт алууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан