Поезд сүзүп каза тапкан 18 жаштагы жарандын окуясы камерага түшүп калган

18 жаштагы баланы поезд сүзүп каза болду. Кырсык катталган учур видеого түшүп калган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 09:45 чамасында милицияга 4-шаардык ооруканага поезд сүзүп кеткен жаш жигит алынып келингендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Ошол замат тергөө-ыкчам тобу ал жакка барганда 2004-жылы туулган К.Б. аттуу жаран велосипедчен темир жолдон өтүүгө аракет кылып, келе жаткан поездге көңүл бурган эмес. Айдоочу авариялык тормозду баскан, бирок бул кырсыктын алдын алууга жардам берген эмес.

18 жаштагы жаран ооруканага жеткирилип, алган жаракатынан улам эсине келбей каза болгон.

Бул факты каттоого алынып, керектүү экспертизалар дайындалган.

окуянын кандай болгондугу видеого түшүп калган
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан