Бишкек шаарында аптаптуу ысыктан улам жолдо жүрүп бара жаткан унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, түшкү саат 13:10 чамасында Октябрь РИИБинин кызматкери, капитан Марат Мамыров кызмат учурунда жолдо күйүп жаткан унааны байкаган. Ал өрттү өчүрүүгө дароо жардамдашып, көчөдөгү бир катар адамдар менен чогуу өрттү өчүрүп калууга үлгүрүштү.
Белгилей кетсек, бүгүн борбор калаада аба ырайы +37 градуска чейин жогорулай турганы маалымдалган.