ЖРТдан 226 балл алган Талгат Бактыбеков: "Гонконг шаардык университетинде билим алам"

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча бул жылы 57 окуучу өлкөнүн эң мыктысы аталды. SUPER.KG порталы "Алтын сертификатка" ээ болгон окуучулар менен тааныштырууну улантат.

Чүй облусундагы Жайыл Баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейинин окуучусу Талгат Бактыбеков тестирлөөдөн 226 балл алып, мыкты окуучулардын алдынкы катарында тургандардын бири.

- Талгат, "Алтын сертификаттын" ээси болушуңуз менен куттуктайбыз. Алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

- Чоң рахмат! Аты-жөнүм Талгат Бактыбеков, 17 жаштамын. Быйыл Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Жайыл Баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейин аяктап жатам. 7-класска чейин Кайыңды шаарындагы мектепте окугам.

- Мындай кубанычтуу кабарды кимден уктуңуз?

- Мен сабакта ЖРТнын жыйынтыгын күтүп отургам. Чындыгында жогорку балл алам деген үмүтүм бар болчу. Тесттин жыйынтыгы чыккыча мени даярдаган мугалимим менен байланышта болуп турдук. Андан соң ал мени куттуктап, ыраазычылыгын билдирди. Көрсө, "Алтын сертификаттын" ээси болуптурмун. Башында ишенген жокмун, тесттин жыйынтыгын көргөндө гана ынандым.

- Тестирлөөгө даярдык качан башталды эле?

- "Алтын сертификат" алуу оюмда бар болчу. ЖРТга негизинен бир жыл даярдандым. Башында буга чейин мектепти бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөрдөн кеңеш сурап, өз алдымча даярданып жаткам. Лицейде ЖРТга арналган китептер бар болчу, аябай жардамы тийди. Мындан тышкары ЖРТга бир ай калганда атайын окуу борборлоруна барып даярдандым. Ал эми акыркы 10 күндө даярдык күчтүү болду. Ошол эмгегимдин үзүрү кайтты деп ойлойм.

- Тестке даярданууда эмнеге өзгөчө басым жасадыңыз?

- Мен тестке даярданып жатканда өзгөчө грамматикага көңүл бургам. Кыска мөөнөттө баарын өздөштүрүп кетириме ишендим. Ал эми тест тапшырып жатканда окуу жана түшүнүү бөлүмү мен үчүн кыйын болду. Башым ооруп, текстти түшүнбөй да калып жаттым. Бир суроого 5 мүнөт ойлонгон учурлар да болду. Башка бөлүмдөрдүн суроолоруна ишенимдүү эле жооп бердим деп айта алам.

- Буга чейинки ийгиликтериңиз тууралуу айта кетсеңиз?

- ЖРТдан сырткары жогорку окуу жайларга тапшырып, олимпиадаларга даярдандым. Жыйынтыгында байгелүү орундарга илиндим. Мисалга алсам, 2021-жылы математика боюнча өткөн Лютфи Заде атындагы Эл аралык олимпиадада жана быйыл февралда болгон Эл аралык Жаутыков олимпиадасында коло медалга ээ болдум. Мындан тышкары райондук, облустук олимпиадаларда биринчи орунду ээлегем. Улуттук олимпиадада биринчи даражадагы дипломду алып, 9-июлдан 16-июлга чейин Норвегиянын Осло шаарында өтө турган Эл аралык математикалык олимпиадага катышууга мүмкүнчүлүк алдым. Аны менен катар Кыргызстандагы математиктердин командасына кошулдум.

- Кайсы кесипке кызыгасыз, кайсы окуу жайдан билим алайын дейсиз?

- Гонконг шаардык университетине тапшырдым, чакыруу келди. Бул университетке тапшырып жатканда ЖРТдан 210дон жогору упай алсаң стипендия беребиз деген шарт койгон. Кудай жалгап, 100 пайыз бюджеттик негизде окууга өттүм. Ал жакта Data science (маалымат базасы менен иштөө илими) багытында окуйм. Учурда Гонконгдон мейманкана караштырып, билет сатып алуу гана калды. Буга чейин виза алып, эмдөөдөн өтүп койгом. Буюрса, август айында Кытайга учам деген үмүттөмүн.

- Кыргыз өлкөсүнө кайтып, алган билимиңизди бул жакта колдонуу тууралуу пландар барбы?

- Ооба, окууну аяктагандан кийин Кыргызстанга келип, билим тармагын өнүктүргүм келет. Олимпиадаларга башка өлкөлөрдөн келген окуучулар менен катышып жүрдүм. Чындыгында, алардын билим деңгээли жогору экен. Бул алардын өлкөсүндө билим берүүгө инвестиция жасалып, окуучулардын олимпиадага болгон кызыгуусун жараткандыктан деп эсептейм. Ал эми биздин өлкөдө мындай эмес. Андыктан мен бул тармакты өнүктүргүм келет, өлкө үчүн да, окуучулар үчүн да жакшы натыйжа бермек деп ойлойм. Кыргызстан эл аралык аренада башка өлкөлөргө күчтүү атаандаш болсо деген каалоом күч.

- Жалпы республикалык тестирлөөгө катыша турган окуучуларга кандай кеңеш бересиз?

- Убакытты туура пайдаланып, даярдыкты эртерээк башташ керек. Тесттин түзүлүшү менен таанышып, силер аксаган бөлүгүн жакшырткыла, сынамык тестерди көп жазгыла. Эгер мүмкүнчүлүк болсо ЖРТга даярдай турган атайын окуу борборлоруна барып даярданганыңар оң. Башкысы каалоо жана аракет керек.

- Маегиңизге рахмат, ийгилик каалайбыз!

Эске салсак, быйыл өлкө боюнча Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарына ылайык, 57 бүтүрүүчү "Алтын сертификатка" татыктуу болду.

Эң жогорку баллды Бишкек шаарындагы №70 гимназия мектебинин окуучусу Эрлан Көлбаев алды. Анын маегин бул жерден окусаңыз болот.

Ал эми Ош облусунан 7 окуучу алтын сертификаттын ээси болду. Алардын бири Алай районундагы Жоро Алимов орто мектебинин бүтүрүүчүсү Айсулуу Шарипованын маегин бул жерден окуй аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан