Нарында катуу шамалдан улам турак үйгө терек кулады

Бүгүн, 28-июнь күнү Нарында болгон катуу шамалдан улам турак үйдүн чатырына терек кулады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, түшкү саат 15:55 чамасында Ак-Талаа районундагы Баетов айыл аймагына караштуу Кайыңды-Булак айылында катуу шамалдын кесепетинен турак үйгө терек кулап, чатырдын бир бөлүгүн талкалап кеткен.

Жерине Ак-Талаа райондук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын куткаруучулары тартылып, тиешелүү жардам көрсөтүлгөн. Бактыга жараша, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

Баетов айылында жайгашкан гидропосттун кызматкерлеринин маалыматы боюнча, шамалдын ылдамдыгы секундасына 16 метрге чейин жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан