Талас облусунда саркынды суулар агып кирүүчү люкка түшүп кеткен 3 адам куткарылып, медициналык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-июнда Талас облусундагы Таза суу ишканасынын 3 кызматкери жумуш учурунда белгисиз себептер менен саркынды суулар кирүүчү люкка түшүп кетишкен.
Аларга дароо "Шумкар" атайын багыттагы полктун кызматкерлери жардам көрсөтүп, люктан алып чыгышкан. Жабыр тарткандарга жеринен биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн соң бардыгы ооруканага жеткирилген.
Учурда алар ооруканада дарыланып жатканы айтылды.