Интернетте эки жаш баланы мушташтырып жаткан аялдын видеосу тарап, талкуу жараткан. Баткен ОИИБи төмөнкүдөй түшүндүрмө берет.
Маалыматка ылайык, окуя Кадамжай районунун Апсамат Масалиев айыл аймагынын Кожо айылындагы үйлөрдүн биринде болгон. Анда 10-июнь күнү болжол менен саат 17:30дар чамасында эки бир туугандын 8 жаштагы уулу менен 9 жаштагы кызы урушуп жаткан видео тартылып алынган.
Бул материал Кадамжай РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына 28-июнь күнү катталып, жаш балдарды уруштурган 31 жаштагы аял жана анын 2 кызы суралып, соттук медициналык экспертиза дайындалды.
Азыркы учурда бул материал боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.