Ош облусунун Кара-Суу районунун айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси 1969-жылы туулган С.Р. аттуу жаран өзүнүн иш бөлмөсүнөн 10 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалган. Буга чейин ал жер тилкесинин бардык документтерин берүү үчүн жергиликтүү тургундан 40 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы маалым болду.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 251-беренеси (Кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу) менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аныкталгандай, шектүү жабырлануучудан мурда 30 миң сом алган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.