Бишкекте каракчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул туурасында Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 1-апрелде саат 20:30 чамасында Урицкий көчөсүндө белгисиз жаран арыз ээсинин жашы жете элек 2006-жылы туулган инисин бычак менен коркуткан. Ошондой эле анын 25 миң сомдук Редми-9T үлгүсүндөгү телефонун коркутуу жолу менен алып, белгисиз тарапка качып кеткенин жазган.
Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган М.Ч. аттуу жаран кармалган.
Учурда тергөө иштери уланып жатат.