Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылындагы "Радуга" пансионатында мушташ чыкты. Видеодон эс алып жаткан адамды топ балдар келип ур-тепкиге алышкандыгын көрүүгө болот. Бул тууралуу социалдык тармактарга окуяны видеого тартып алган күбөлөр жазып чыгышты.
"Президент жергиликтүү тургундарга каалаган пляждарга кирүү укугун камсыздап койду. Эми эс алуучуларда коопсуздук болбойт. Бул окуядан кийин баары кетип жатышат. Мушташкандар жадакалса бычак менен чуркашты. Алар эс алуучулардын самокаттарынан бери алып, бири-бирин сабашкан.
Мындай арзан эмес баалар үчүн алар бул жерде коопсуздукту камсыз кыла алышпайбы? Бул жерде жадакалса чет элдиктер да, Орусиядан келген туристтер да көп, алар болуп жаткан окуялардын баарын карап турушту", - деп жазган интернет колдонуучу.
Буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров "Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө" жарлыкка кол койгон.