Оштогу мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен жер боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан Коргоо министрлигинин Ош турак-жай пайдалануу бөлүгүнүн жана Ош шаардык мэриясынын кызмат адамдары тарабынан “коргоо жерлери” категориясына кирген баасы 1 миллион сомдон ашык жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен фактысы аныкталды.
Бул факты боюнча жооптуу кызмат адамдарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.