Мамлекеттин балансындагы мунай заттарды сатып келген кызматкер кармалды

Транспорт министрлигинин №38 ДЭПинин битумдук чуңкурунун башчысы кармалды. УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, ал мунай заттарын мыйзамсыз сатканга шектелүүдө.

Маалыматта 210-берененин 4-бөлүгү (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Анын жүрүшүндө мунай заттарын 60 миң сомго мыйзамсыз сатып жаткан жеринен Транспорт министрлигинин №38 ДЭПинин битумдук чуңкурунун башчысы А.Т.Т. кармалды. Ал мамлекеттин балансында турган битумду тынымсыз сатып келген.

"27-июнда мамлекеттин балансында турган битумду мыйзамсыз саткан кызматкерлерге карата чараларды көрүү өтүнүчү менен Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынын тургуну кайрылган. Анда ДЭПтин кызматкери 1 тонна битумду 60 миң сомго сатарын убада кылганын билдирген. Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан