Баткенде 57 жаштагы киши сергүү максатында сууга түшкөн. Тилекке каршы, ал сууга чөгүп каза болду дешет облустук ички иштер башкармалыгынан.
Маалыматка караганда, 28-июнда Ак-Турпак айылынын 63 жаштагы Ж.Ж. аттуу тургундун бузулган тракторун айылдашы 57 жаштагы Г.М. менен чогуу оңдогон. Андан кийин алар Өзбекстандын Риштан районундагы Жигит-Пиримдеги тамактануучу жайга барып тамактанып, спирт ичимдигин ичишкен. Андан соң 57 жаштагы киши бир аз сергүү максатында чайханадан 450-500 метр алыстыктагы “Кожошкен” дарыясына кеткен бойдон дайынсыз болгон. Артынан издеп барган шериктери дарыянын боюнда Г.М`дин чечип койгон кийимдери менен анын кол телефонун көрүп, милицияга кабар берген.
Окуя болгон жер Өзбекстандын Риштан районуна караштуу болгондуктан Риштан РИИБдин милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзө баштайт.
Аталган окуя боюнча Баткен РИИБдин Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери, куткаруучулар, жергиликтүү тургундар менен биргеликте издөө иштерин жүргүзүп, 29-июнь күнү таңкы саат 07:00 чамасында изделип жаткан кишинин сөөгү табылып, соттук медициналык-экспертиза дайындалган.
Бирок маркумдун туугандары соттук-медициналык экспертизадан баш тартышты. Азыркы күндө тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сох дарыясына 1965-жылы туулган эркек киши түшүп кеткенин, анын жансыз денеси бүгүн, 29-июнда таңкы саат 6:20да табылганын
маалымдаган.