SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын кезектеги каарманы акын Өскөнбай Бердибаев.
***
Жашоону биз тапкан өңдүү көктөмдөн,
Жашадык биз чар тарабы төп келген.
Жаштык курак сүйүлчү элек сүйчү элек,
Жалын учкан чагылышкан көздөрдөн.
А өмүр не? Келчү кезек кетер кез,
А биз пенде кезектешип кетербиз.
Күн батканда күмүш түстүү жарык нур,
Күн бүткөндө күлгө айланып өчөрбүз.
Жардан агып турган мөлтүр булактай,
Жарык чачып турган түнкү чырактай.
Бир өмүрдө бир берилген жаштык кез,
Түйшүк салып түшкө кирдиң ынактай.
Жаштык ыры жашоого эмес таарыныч,
Өмүр сүйүү тагдыр жолдор сагыныч.
Ар бир адам, ар бир пенде жарыктык,
Жаштык күнүн жашап өтөр сагынып.
Улутунган улгайынкы карыя,
Жаштык күнүн эстеп өтөт сагынып!
***
Тилек кылып алдыдагы күндөрдү,
Түнөк кылып жылдыз учкан түндөрдү.
Сен мен дешпей күйүп жанып жүргөндө,
Бизге неге сур булуттар түнөрдү.
Кыйгач өтүп кезикпеген бакытка,
Шордуу жандар унутулган жалгыздай.
Бир мезгилде кымбаттуум дечү элең,
Азыр сага бир керексиз жанмын да.
Тагдыр тушап өз алыма кайрадан,
Тирүү алсыз сөлөкөткө айлангам.
Бир көз ирмем, кош канатым кайрылып,
Түйшүктөрдүн тууруна байлангам.
Бир мезгилде ак шумкарым дечү элең,
Азыр сага мен керексиз жанмын да.
СЕН ЭМЕСТИ ЧАНЫП ТУРДУМ
Чырактын билигиндей күйүп турдум,
Чырмалып чачтарыңды сүйүп турдум.
Чыланып махабаттын жалынына,
Чылк ээрий төгүлүүдө уюп турдум.
Дайранын ташкынындай атырылдым,
Дендароо сени көздөй жапырылдым.
Денемди делөөрүтпөй араң басып,
Сабырым сактай албай сапырылдым.
Сен дедим, сен деп гана жанып турдум,
Сенсиздик ааламын бүт танып турдум,
Сендейлер сендей боло албаганда,
Сезимде өзгөлөрдү чанып турдум.
Дайрадай сени көздөй агып турдум.
ТАГДЫР
Тагдыр мени кайда агызып барасың
Алып бүттүң жан дүйнөмдүн мазасын.
Таштуу жолдо жылаңаяк бастырып,
Бороон болуп этек жеңим ачасың.
Тагдыр мени кайда агызып барасың,
Кирген суудай албууттанып шашасың.
Касың бардай кара ташка карс уруп,
Ийлеп, кайра кумдуу жолго саласың.
Тагдыр мени кылыч менен чабасың,
Тозуп кетсем кумдан издеп табасың.
Балким тагдыр чырак болуп колума
Туңгуюктан өзүң алып чыгасың.
***
Кетип жатсам саат күнүм түгөнүп,
Сапар салсам келбес жайга түбөлүк.
Ыр дептерим кошуп көмүп койгула,
Боз мүрзөмдөн чыксын ырлар гүл өңдүү.
Же болбосо оң жагымда мүрзөмдүн,
Окугула көңүл сүйгөн ырларды,
Айланчыктап алыс учпай көпөлөк.
Термелишип көгүш гүлдөр ыргалсын.
Барактары дептеримдин ыр жазган,
Күлүп жүргөн элесиме окшосун.
Суранамын ар жыл сайын ыр арнап,
Ыр жазгыла, ыр жазгыла топтошуп.
Ыр жазгыла, ыр жазгыла жоктошуп.