Бишкекте Жеңишбек Эдигеевдин "Көк дептер" китебинин бет ачар аземи өтүүдө (сүрөт)

Бишкекте жазуучу, публицист Жеңишбек Эдигеевдин "Көк дептер" китебинин бет ачар аземи өтүп жатат. Аземге акын, жазуучулар, маданият өкүлдөрү, журналисттер жана китеп сүйүүчүлөр катышууда.
Иш-чара автордун китеп боюнча даярдаган видео ролиги менен ачылды. Андан соң Жазуучулар союзунун төрагасы, акын Нурбек Калыбековго сөз берилди.
Аземде "Көк дептер" Жеңишбек Эдигеевдин 13 жылдык эмгегинин үзүрү экени айтылды.
"Көк дептер" мурда "Агым" гезитинде иштеп жүргөндө кичинекей рубрика болчу. Ал учурда мындай чоң китепке айланарын билген эмес элем. Китепти 5 бөлүккө бөлдүм. Балалыкты, жаштык кезибизди, кийин агартуу турмуштагы ордубузду коштум. Ар бир кичинекей окуяны айтуу менен кичине болсо да сабат чыгарсам экем дейм.
Китепке 1990-жылдардагы кыргыздын азаттык турмушу кирди. Бул жылдары турмуштун айынын кыргыздар Орусиялап жүрүшкөнү үркүнгө тете болду. Ошондогу окуялар, кыргыздардын көз жашы казактын талааларында, орустун тайгаларында чачылган бойдон калып калды. Муну көп жазган жокпуз. Ушуну берейин дедим", - дейт Эдигеев.
Иш-чара Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын малахит залында өтүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан