"Радуга" пансионатындагы мушташка себеп болгон жагдай аныкталды

Ысык-Көлдөгү "Радуга" пансионатында орун алган мушташка себеп болгон алгачкы жагдайлар аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Милиция бөлүмүндө алынган алгачкы көрсөтмөлөргө караганда, жаңжалга катышкандардын бир тарабы жакындарын көлдүн жээгинде коноктогон. Коноктордун бири көлгө жакын заара ушатып жатканын көргөн жергиликтүү коопсуздук кызматкери ага эскертүү берген. Бирок ал буга көңүл бурган эмес.

Натыйжада коопсуздук кызматкери менен ал адамдын ортосунда оозеки кайым айтышуу орун алып, акырында эки тараптын мушташына себеп болгон.

Учурда аталган факты боюнча сотко чейинки териштирүү башталып, тергөө амалдары улантылып жатканы айтылды.

Социалдык тармактарда аталган окуяны өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон "Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын кум жээк аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө" мыйзам менен байланыштыргандар болду. Ысык-Көл РИИБи бул окуя башка мүнөзгө ээ экенин жана жергиликтүү тургундардын пансионатка кирүүсү менен эч кандай байланышы жоктугун белгилейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан