1-июлдан тартып Бишкектин муниципалдык транспортунда төлөм толугу менен накталай эмес формага өтөт. Автобустар менен троллейбустарда жол кире акысы "Тулпар" транспорттук картасы менен төлөнөт. Мунун жол-жобосун алдын ала айтып беребиз.
"Тулпар" картасын кайдан алса болот?
Шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн транспорттук карталарды O!Store дүкөндөр тармагынан алса болот. Картанын баасы 50 сом жана анда бир жолу акысыз жүрүү мүмкүнчүлүгү берилген.
Транспорттук картаны кантип толуктайт?
Картаны "О!Деньги" капчыгы аркылуу түз эле телефондун балансынан толуктаса болот.
Бул жөнөкөй, тез жана ыңгайлуу:
Жол кире кантип төлөнөт?
Жол кирени төлөө үчүн картаны транспорттогу атайы окугучка такаңыз. Жол киренин суммасы автоматтык түрдө кемитилет.
Тиркеме тууралуу
"Мой О!" тиркемеси – бул "О!Деньги" капчыгын, О! абонентинин жеке кабинетин жана "О!Маркет" маркетплейсин бириктирген санариптик экотутум.
Тиркеме Кыргызстандын бардык уюлдук операторлорунун абоненттери үчүн жеткиликтүү.
Негизги мүмкүнчүлүктөрү:
"Мой О!" тиркемесин шилтемеден орнотуп алыңыз: Google Play же App Store.
"О!Деньги" сервиси "Грин Телеком Сервис" ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ №2021030817, №3022030817 лицензиялары. "О!Деньги" электрондук акчаларынын эмитенти - "Дос-Кредобанк" ААК, КРУБ №037 лицензиясы.