Ысык-Көлдө 14 жана 19 жаштагы балдар сууга чөгүп кетишти

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 2 бала сууга чөгүп каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, окуя Липенка айылына жакын жерде 29-июнда катталды.
Куткаруучуларга билдирүү түшөрү менен издөө иштери башталып, жалпы 7 куткаруучу тартылган. Алар болжол менен саат 18:20 чамасында балдардын сөөгүн таап, туугандарына өткөрүп беришти.
Каза болгондор 19 жаштагы Н.И. жана 14 жаштагы Т.А. экени такталды. Экөө тең Жети-Өгүз районунун Ырдык айылынын тургундары болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан