“Мосфильм” киноконцерни Кыргызстандын 2-звенодогу киноадистерин окутуу курсунан өткөрөт

“Мосфильм” киноконцерни Кыргызстандын 2-звенодогу кино операторлорун, инженерлерин, үн адистерин 3-4 айлык окутуу курсунан өткөрө турган болду. Мындай келишимге КРнын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекованын Москвага жасаган иш сапарынын жыйынтыгында кол коюлган. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Москвага жасаган иш сапарында министрдин орун басары Айнура Темирбекова “Мосфильм” киноконцернинин башкы директору Карен Шахназаров менен жолугушкан. Анда эки тараптуу кызматташуу тууралуу маселе козголуп, аталган киноконцерндин жетекчилиги Кыргызстандын 2-звенодогу кино операторлорун, инженерлерин, үн адистерин  3-4 айлык окутуу курсунан өткөрүүгө макулдугун билдирген. Мындан тышкары “Мосфильм” өзү тарткан  тасмаларды Кыргызстандын телеканалдарында көрсөтүү үчүн келишим түзүүнү сунуштады. “Мосфильмдин” башкы директорунун айтымында, эгерде бул багытта келишим түзүлсө, видеокаракчылыкка бөгөт коюлуп, рынокту турукташтырууга жардам берет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан