Кара-Суу районунда ок атуучу курал менен адам өлтүрүүгө шектелгендер изи сууй электе колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-июнга караган түнү 00:30 чамасында Кара-Суу РИИБине 39 жаштагы А.А аттуу жергиликтүү тургунду белгисиз жарандар ок атуучу курал менен атып, из жашырып кетишкендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Октон жаракат алган адам жеринде каза тапкан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган.
Кара-Суу РИИБинин кылмыштарды иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 1972-жылы туулган М.А. жана 1964-жылы туулган А.А. аттуу жарандар кармалганы маалымдалды. Шектүү жарандар ошол эле райондун ынтымак айылынын жашоочулары болгон.
28-июнда кылмышка шектүүлөрдүн бөгөт чарасы каралып, 2 айга камакка алынганы кабарланды.