Москвада кыргыз кызы жигити тарабынан коркутууларга кабылганын айтып, полицияга кайрылды

Москвада кыргызстандык кыз сүйлөшкөн жигити тарабынан коркутууга кабылганын айтып, полиция кызматына кайрылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.

Андагы маалыматка ылайык, жабырлануучу кыз жигити экөө бала кезинен бирге чоңоюшкан. Орто мектепте бир класста билим алып, окууну аяктаган соң эмгектенүү үчүн Кыргызстандан Орусияга барышкан.

Кыздын айтымына караганда жигити ага үйлөнүүнү убада кылган. Бирок 2 жылдан кийин ар кандай себептерден улам кыз балага эки башка жолго түшүүнү сунуштаган. Буга макул болбогон жигити ага ар түрдүү коркутууларды жасай баштаган. Алардын ичинде көпчүлүккө "таза эмес" экендигин жарыя кыла турганын жана ур-токмокко аларын билдирген. Ошондой эле акча талап кылган.

Жабырлануучу кыз мындан улам полиция кызматына кайрылууга аргасыз болгон. Учурда укук коргоо органдары иштин чоо-жайын териштирип жатканы кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан