Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда окуучулар мектеп директорунун орун басарын сабап салышты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-июнь күнү милицияга Жети-Өгүз райондук оорукананын тез жардам бөлүмүнөн, денесинен жаракат алып кайрылган жаран жөнүндө малымат келип түшкөн.
Тергөө ыкчам-тобу барып текшерген учурда Саруу айылынын 1997-жылы туулган О.У. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал 18-июндан 19-июнга караган түнү саат 01:00 чамасында Саруу айылынын орто мектебинин окуучулуры сабап кеткендиги жөнүндө жазган.
Натыйжада О.У. алган жаракаттарынан улам Жети-Өгүз райондук хирургия бөлүмүнө жаткырылып, соттук медициналык экспертиза дайындалган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган.
Тергөө-ыкчам иш чарасын жүргүзүү учурунда Саруу айылынын 2005-жылы туулган А.Н., А.Р., И.Т., Т.Ы. жана Т.С. аттуу балдар аныкталып кармалган.
Учурда тергөө амалдары уланууда.