Ошто издөөдө жүргөн эки жаран кармалды

Ош шаарында издөөдө жүргөн 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалгандардын бири 2005-жылы туулган Р.С. бир нече уурулук фактысын жасоого шектелип кармалган.

"Шектүү жарандардын уюлдук телефондорун, акчаларын тартып алган. Баш коргоо чарасын кароо учурунда үй камагына чыгарылган. Бирок соттук отурумга келбей, изин жашырып кеткен. Натыйжада 24-июнь күнү Жалал-Абад шаарынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Экинчи жаранга сот чечимине баш ийбей, соттук отурумга келбей койгондугу үчүн издөө жарыяланган. Кылмышка шектүү катары 22-июнь күнү 1984-жылы туулган Н.Т. аттуу жаран кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан