Нарын шаарында салтка айланган эл аралык “Кыргыз шырдагы-XII” фестивалы болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маданий иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан жана Нарын облусунан 100дөн ашык кол өнөрчү катышты. Фестивалдын алкагында “мыкты шырдак”, “мурас шырдак” кароо-сынактары жана кыргыз шырдагынын тарыхына арналган илимий-практикалык конференция, улуттук тамак-аштын жана кол өнөрчүлүктүн көргөзмө-жарманкелери уюштурулду.
Фестивалдын максаты маданий мурастарды сактоо, салттуу билимдердин үзгүлтүксүздүгүн жандандыруу, кол өнөрчүлүктү жана маданий мурастардын негизинде индустрияны өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстанды экологиялык таза маданий туризмдин эл аралык деңгээлине чыгаруу болуп саналат.
Иш-чаранын ачылыш аземи кол өнөрчүлөрдүн салтанаттуу жүрүшү менен башталды. Ага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары, туризм департаментинин директору Самат Шатманов, интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору Рахат Керимбаева, Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңешинин президенти Жамбы Карыбекова, Соода өнөр жай палатасынын төрагасы Кубанычбек Касмалиев жана Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев катышты.
Самат Шатманов “Кыргыз шырдак” фестивалындагы көргөзмө буюмдар маданиятыбыздын даңазаланышына чоң өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.