Түркияда маймыл чечегинин алгачкы учуру катталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянып дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, инфекция 37 жаштагы адамдан табылган. Ал изоляцияга алынганы жана башка адамдардан оорунун аныкталбаганы айтылды.
Белгилей кетсек, 23-июнда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маймыл чечек оорусун пандемия катары жарыялоо чечими уюмдун жыйынынын алдында кабыл алынды.