Ош шаарында “Жамаат ат-Таухид валь-Жихад” террордук уюмунун ишмердүүлүгүн каржылоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, экстремисттик жана террордук ишмердүүлүктү каржылаган, тактап айтканда, “Жамаат ат-Таухид валь-Жихад” террордук уюмунун ишмердүүлүгүн колдоо максатында каржылык жана башка кызматтарды көрсөткөн деген айып менен Ош шаарынын Ш.Н. аттуу тургуну кармалды.
2016-жылы Ош шаардык сотунун чечими менен бул уюмдун ишмердүүлүгү террордук деп табылып, Кыргызстандын аймагында тыюу салынган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө радикалдык агымдардын көз карашын карманган жаран Ш.Н. Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарда экстремисттик жана террордук уюмдардын ортомчуларынын пайдасына акча каражаттарын топтоо, андан соң которуу менен алектенип жүргөндүгү боюнча маалыматтарды алышкан. Ал 2020-жылдын мартынан 2022-жылдын 20-майына чейин Кыргызстанда жүргөндө экстремисттик жана террордук ишмердүүлүктү каржылоо үчүн банктык которуу системалары, анын ичинде чет өлкөлөрдүн банктары аркылуу 2 миллион рублдан ашык суммадагы акча каражаттарын жөнөткөн.
Бул факты боюнча ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматына Орусиянын ИИМинин Экстремизмге каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынан ыкчам маалымат келип түшкөн. Анда Ш.Н. жана башка жарандарга таандык банк картасынын реквизиттери такталган. Бул карталар аркылуу Сириядагы согуштук аймактарда жайгашкан адамдарга акча которуулар жүргүзүлгөн.
Орусиянын укук коргоо органдары террордук ишмердүүлүктү каржылаганы үчүн жаран Ш.Н. менен түз байланышта болгон Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын жарандарын кылмыш жоопкерчилигине тартышкан. Ошол эле учурда Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарынын тургундары болуп саналган. Каражат чогултууга жана экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого салым кошкон Кыргыз Республикасынын башка жарандары аныкталды.
Кармалган жарандын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүү учурунда акча которуулар боюнча кат алышуулар, Кыргызстандын аймагында террордук жана экстремисттик деп табылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган Өзбекстандын ислам кыймылы, Ирактын жана Ливандын ислам мамлекети, Жамаат Таухид Валь Жихад, Жанат Ошиклари идеологиясына мүнөздүү көп сандагы материалдар камтылган электрондук каражаттар (ноутбук, уюлдук телефон) табылып алынды.
2022-жылдын 24-июнунда жаран Ш.Н. Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин "экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо", 332-беренесинин "экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу", 253-берененин "террористтик ишти каржылоо" көрсөтүлгөн кылмыштарды жасоого шектелип кармалды.
Кармалган адам тергөө абагына камакка алынды. Учурда мындан аркы тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.